Меню
Эл-Сөздүк

Айдалып кеткен кишилер

АЙДАЛЫП КЕТКЕН КИШИЛЕР – аргандай оор жумуштарга пайдалануу үчүн Экинчи дүйнөлүк согуш маалында гитлерчилер жана анын колбалдары тарабынан басылып алынган аймактардан күч менен алынып кеткен адамдар. Согуш бүткөндөн кийин СССР бир катар мамлекеттер менен советтик жарандарды репатриациялоо жөнүндөгү келишимдерди түзгөн. Качкындардын статусу жөнүндөгү 1961-жылкы Конвенцияда «А. к. к.» деген аталгы кездешпейт. Ошого карабастан, акыркы жылдары Качкындар иши боюнча БУУнун Жогорку комиссар башкармалыгы туруктуу жашаган жеринен мажбурлап көчүрүлгөн же таштап кетүүгө аргасыз болгон, бирок ошол эле мамлекеттин аймагында калып, маңызы боюнча ички качкынга айланган адамдарды белгилөө максатында өз иш-тажырыйбасында колдоно баштады.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: